Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

"Аз жашаса да, арбын иш жасап кетти"


Туратбек Токтобек уулу Сырдыбаев (13.10.1977 - 08.08.2025)
Туратбек Токтобек уулу Сырдыбаев (13.10.1977 - 08.08.2025)

Кыргыз жумуриятынын тарых илими жана жалпы илимпоздор жана педагогдор журту таланттуу, мээнеткеч, демилгечил, реформачыл жана жароокер кулунунан ажырап калды. Кайран гана жигитибиз Туратбек Токтобек уулу Сырдыбаев он гүлүнүн жартысы да ачыла элегинде, 48 гана жашында кайтпас жайга учуп кете берди...

Ушул аза күтүү сөздөрүн устаты шакиртине карата айтпашы керек эле, тескерисинче болушу керек эле... “Аттиң ай, жазмыштуу дүйнө!” дегенден башка эч чарабыз жок...

Эми, Туратыбызды акыркы сапарга узатып жаткан чакта, анын жаркын элесин гана эмес, жалпы чыгармачыл салымын, жаратмандык иштеринин мөмөсүн да жамы журтубузга эскерип айтып өтүү – биздин парызыбыз.

Ал кыргыз тарыхчыларынын ичинен алгачкы болуп өлкөбүздөгү чех, словак жана мажар диаспорасынын – Борбордук Европадан келип, Ала-Тоодо байырлап калган келгин мекендештерибиздин тарыхын атайын изилдеп, диссертациясын жактаган, ага 2009-жылы тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган. Ооба, Туратыбыз дал ушул темада дың бузган иликтөөчү болду.

Мына, быйыл өлкөбүздө жана Борбордук Европада айтылуу “Интергелпо” кооперативинин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Чехтер, словактар, ошондой эле айрым мажар жана украиндер да салым кошкон бул даңазалуу кооперативдин мааракесин изилдеп жатып, жүзүбүз жарык болду. Анткени алардын тагдыры жөнүндө жаңыча изилдеген Туратыбыздын эмгеги колубузда турду. Ал өзү жетектеген мекеме – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеинин Тарых жана чөлкөм таануу институту да бул мааракени өткөрүүгө зор салым кошуп жатты.

Айтмакчы, аталган институт мурда Тарых факультети эле. 2009-жылы кеч күздө Тукебиз атаандаштык шартындагы адилет шайлоо аркылуу факультетибизге декан болуп шайланып калды. Ошондон тартып анын ар тараптуу уюштургуч ишмердигине күбө болдук. Бул факультет институт сересине көтөрүлдү. Анда буга чейин болбогон музей таануу сыяктуу таптакыр жаңы жана өтө зарыл адистиктер ачылды. Чөлкөм таануу багытындагы чет тилдерге арап тили да кошулду.

Улуттук университетибиздин Тарых жана чөлкөм таануу институту Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту жана бир катар жергиликтүү университеттер менен салттык байланышты ого бетер тереңдетти. Буга археология, этнография, булак таануу жана тарых багыттарындагы орток ишмердиктин мөмөлөрү, биргелешкен эл аралык илимий экспедициялар нагыз далил.

КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту ар жылы алтай таануу, түркология, кыргыз таануу багыттарын камтыган эл аралык илимий шеринелерди өткөрүп, Орусиянын Алтай жергесиндеги Алтай мамлекеттик университети, Тоолуу Алтай мамлекеттик университети, Орусия Илимдер академиясынын Шибер бөлүмү, Татарстан илимдер академиясы, ошондой эле коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркия сыяктуу тектеш өлкөлөрдүн илимий мекемелери менен этнография, археология, кыргыз таануу, чөлкөм таануу жана тарых багыттарында кызматташтыкты өөрчүттү. Тукебиз жетектеген институт коңшу Кытайдан тартып Батыш Европага жана мухиттин ары жагына чейинки илимий мекемелер менен байланыштарды чыңдап келди.

Улуттук университетибиздин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жаш окумуштуулары, студенттери жана магистранттары бир катар эл аралык тажрыйба алмашуу, жайкы мектептер сыяктуу долбоорлор менен ат тезегин кургатпастан чет өлкөлөргө каттап жатышты. Бул мекеменин бүтүрүүчүлөрү менен да заманбап байланыш ырааттуу чыңдалды. Бул дагы Тураттын байсалдуу жетекчилик салымдарынын бири болду.

Быйыл күздө Туратыбыз өзүнүн докторлук диссертациясын тарых илимдеринин ичинде тармактар аралык тема боюнча жактоо үчүн беленденип жаткан. Анын “Кыргызстандын көп этностуу калкынын тарыхынын тарыхнаамасы парадигмалардын алмашуусунун контекстинде” деген бараандуу эмгеги бир эле учурда Ата мекен тарыхы, этнография, этносоциология, булак таануу, тарыхнаама, чөлкөм таануу, диаспора тарыхы сыяктуу бир катар өңүттөрдү камтыган дагы бир саамалыкчыл изилдөө болчу.

Бул заты татаал, бирок өзгөчө ургаалдуу иликтөө “Манас” эпосундагы “курама жыйып, журт кылдым!” деген осуят сөздүн ажарын ачкан, көп этностуу коомубуздун тарыхый кыртышын казган заманбап илимий эмгек болуп калды.

Атаганат, “Туке, бул жетекчилик иштериңди саал токтото туруп, ушул диссертацияңды бүткөрүп алсаңчы”, – десем: “Үлгүрүп жатам, агай. Ушул жайында толук аяктайм”,- деп жооп узаткан эле. Чынында да диссертациясынын өзөгү дээрлик толук даяр болуп, анча-мынча гана түзөтүүсү жасалып жаткан.

Эми, буюрса, Тукебиздин бул ири эмгеги да тарых илиминдеги жаңы багыттын башатын ачкан анын көөнөргүс мурасы болуп калды.

Мен саал узак баяндаганым үчүн миң мертебе кечирим сурайм. Бирок Тураттын аткарып үлгүргөн көп кырдуу иштеринин бери дегенде өзүм билген бир тамчысын замандаштарыбызга эскерип өткүм келди, ал аз жашаса да, арбын иш жасаганын баса белгилегим келди.

Тукебиздин өмүрлүк жары Назира карындашыбызга, балдарына, жакындарына, досторуна, шакирттерине, жалпы кесиптештерибизге терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кайыр кош, кыргыздын тарых илиминин эрте учуп кетип жаткан шумкары! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Сенин жаркын элесиң ар дайым жүрөгүбүздө, илимий мурасың көөдөнүбүздө сакталат!

Тынчтыкбек Чоротегин, Чехия.

08.08.2025.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG