Вашингтондо Азербайжан менен Армения тынчтык декларациясына кол коюшту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, АКШ президенти Дональд Трамп, Армениянын премьер‑министри Никол Пашинян Ак үйдө, Вашингтон. 8-август, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Армения жана Азербайжан аскердик кармашты токтотуп, дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүүнү макулдашканын билдирди. Эки лидер декларацияда көргөзүлгөндөй, тынчтык келишимин макулдашып, ратификациялоо ниетин ырасташты.

"Алар 35 жыл согушту. Эми достор", - деди Трамп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер‑министри Никол Пашинян менен Вашингтондо жолукканда.

Пашинян менен Алиев америкалык лидерди Нобел Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүштү.

Макулдашууга ылайык, АКШ Азербайжан менен аскердик кызматташууга коюлган чектөөнү алып салат. Вашингтон Баку жана Ереван менен энергетика, соода, жасалма интеллектти өнүктүрүү багытында кызматташат.

Армениянын аймагы аркылуу өткөн Зангезур коридорунун тилкеси америкалык компанияга 99 жылга ижарага берилет. Бул транзиттик коридор "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу" (Trump Route for International Peace and Prosperity - TRIPP) деп аталат.

Reuters агенттиги кабарлагандай, тынчтык макулдашуусу он жылдап созулган куралдуу жаңжалдан кийин Армения менен Азербайжан ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоону, энергетика, технология, соода, инфраструктураны өнүктүрүү, чек араларда коопсуздукту камсыздоону камтыйт. Ошондой эле 1992-жылы Карабактагы жаңжалды жөндөө үчүн түзүлүп, Франция, Орусия жана АКШ жетектеген Минск группасын таратат.

Президент Алиев жана премьер Пашинян АКШ менен "Түштүк Кавказдын мүмкүнчүлүктөрүн экономикалык максатта толук колдонууга жол ачкан" макулдашууга кол коюшту. Мындай документ тууралуу мурдараак президент Трамп жарыялаган.

Дагы караңыз

"Окуп, дрон жасашат". Улан-кыздарды азгырган "Алабуга" Көк-Жар конушу: "Үйүм бузулду, күйөөм абакта"Украина: Трамп Кремлдин тузагына түшпөйбү?