Зеленский Британиядагы сүйлөшүүдө Украинанын "үнү угулганын" билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембинин кечиндеги видео кайрылуусунда Европанын, АКШнын жана Украинанын өкүлдөрү менен Британиядагы жолугушуунун жыйынытыгы тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүгө АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да катышып, Украинанын президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана Улуттук коопсуздук жана коргоо боюнча кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен жолугушкан.

"АКШ жана Европанын - Украина, АКШ, вице-президент Вэнс, Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Финляндия, Польшанын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду. Жыйын жакшы маанайда өттү, биздин билдирүүлөрүбүз угулду, тобокелдиктер эске алынды", - деди Зеленский.

Ал Орусия өзү баштаган согушка өзү чекит коюшу керектигин белгиледи. “Украина жана биздин бардык өнөктөштөрүбүз бир пикирден ок атышууну жана адам өлтүрүүнү тезинен токтотуу зарыл экенин түшүнүп турушат. Буга караманча каршы болуп жаткан бир эле тарап – Путин. Анын жалгыз көздөгөнү – киши өлтүрүүнү улантып, аны токтотуунун баасын болушунча көтөрүү. Маанилүүсү, эч ким буга алданып калбашы керек. Биз жөн гана алдыда ок атышуунун токтошун эле каалабайбыз, бизге чыныгы жана узак мөөнөттүү тынчтык керек. Президент Трамп мага бул тууралуу айткан жана анын позициясын толугу менен колдойм”, - деди Зеленский.

Шаршемби күнү Зеленский Франция президенти Эммануэл Макрон, Финляндия президенти Александр Стубб, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Эстониянын премьер-министри Кристен Михал жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Украина президенти баарына колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Зеленский Стубб менен болгон сүйлөшүү тууралуу комментарийинде: «Орусиянын согушту узартуу жана дагы көп аймактарды ээлөө ниетине жооп катары биз кыраакылык менен биргеликте аракет кылышыбыз керек”, - деп белгиледи.

Макрон сүйлөшүүдөн кийин Украинанын келечеги украиндердин катышуусу жок чечилбеши керектигин айтты.

Дагы караңыз

WSJ: Украина жана Европа АКШга согушту токтотуу планын сунуштадыИран Арменияда "Трамптын коридорунун" пайда болушуна каршылыгын билдирдиБашкырстанда заводдогу жарылуудан кеминде 30 киши жараат алдыЗеленский "украиндер өзүнүн аймагын бербей турганын" билдирди