Өкмөттүн токтому
Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары иш алып барат. Айрым талдоочулар бул уюлдук телефон колдонгондордун укугун бузуп, купуялуулукту жокко чыгарышы ыктымал деп кооптонуп жатат.
Министрлер кабинети ушул аптада мобилдик аппараттарды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү токтомун кабыл алды.
“Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды”, - деп айтылат билдирүүдө.
2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, уурулукту жана алдамчылыкты азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Ага ылайык, мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.
Эми чөнтөк телефондорду каттоону атайын кызмат көзөмөлдөй турганы коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштады. Айрымдар мындан эч кандай кооптуу жагдай көрбөсө, башкалары муну элдин эркиндигин чектөө катары карап жатат.
Абоненттердин укугу бузулбайбы?
Саясат талдоочу жана активист Руслан Акматбектин пикиринде, мобилдик аппараттарды каттоону УКМКнын көзөмөлүнө өткөрүп берүүнүн муктаждыгы жок болчу.
"Бир эле мобилдик телефондорду каттоодо эмес, ошол эле банктык карталарды башка бирөөгө берсең жазага тартыласың, салык жаатындагы да өзгөрүүлөр сыяктуу жарандардын жүргөн-турганын көзөмөлдөө өңдүү иштер болуп эле келген. Эми телефондор менен байланышкан бул кадамды - алар бардык тармакты көзөмөлгө алып жатканын жөн гана расмийлештирип алды. Толугу менен күч органдары аркылуу башкарылган өлкөлөрдөн бул нормалдуу көрүнүш. Албетте жарандарга чоң кесепеттери бар. Мисалы, атайын кызмат телефондорду каттоо укугун алып жаткандан кийин абоненттердин укугу сакталат, купуялуулук болот деген нерсеге эч ким кепилдик бере албайт. Бизге тиешелүү телефон номурлары аркылуу ким кандай аракеттерди жасап жатканын биз билбейбиз да. "Мамлекеттик кызыкчылык" деген жүйө менен көп иштер жасалып атат, бирок ал мамлекеттин эмес, жарандардын кызыкчылыгы да. Ага эч ким маани берип жаткан жери жок. Сенин жарандарыңдын коопсуздугу, эркиндиги - мына ушул "мамлекеттик кызыкчылык". А бизде болсо "мамлекеттик кызыкчылык" деп коюп, анын ордуна аппараттын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп жатышат. Кээ бири "азыр бизге тартип керек, ансызда террористтер көбөйдү" деп жүйө издешет. Чын-чынына келгенде атайын кызмат ансыз деле бир топ жашыруун документтерге, кызматтарга колу жетет. Болгону алар адамдардын эркиндигине кол салууну расмийлештирип жатышат".
Идентификациялоо операторлорунун маалыматына караганда, IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат. Эгер уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп коё алат.
Адистер каттоо телефондордун техникалык мүнөздөмөлөрүн гана камтыгандыктан, жарандардын жеке маалыматтары үчүн кооптонууга негиз жоктугун айтышууда.
"Оң жана терс жагы бар"
Атайын кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков, мобилдик телефондорду каттоо функциясынын УКМКга берилишинин оң жана терс жактары бар экенин айтат.
"Токтомдун иштелип чыгышы тууралуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттары пикирин билдирген. Ошондой эле Кыргызстандагы мобилдик операторлор да бул тууралуу айткан. Ошонун негизинде депутаттар Кыргызстанда өзүнчө бир телефондорду каттоо уюму болсун деген. Булар ошого таянды. Санариптик модернизациялоо да акыркы убакта күн тартибинде туруп жатат, бул - телефондорду каттоону жөнөкөйлөтүү. Жаңы каттоодон өткөн борбор ар бир жарандын жеке сыр, кызыкчылыгын сактайт деп айтылып жатат. Экинчи тарабынан алып карасак, Кыргызстанга ар кандай мобилдик телефондор киргизилип, алар көп учурда аткезчилик менен кирип жаткан көрүнүштөр күч алды. Демек, бул тармак көзөмөлсүз калып, экономикалык чыгымдарга алып келүүдө. Ошондуктан телефондорду каттоо киргизилди. Ал эми аны координациялоочу орган катары УКМКнын көрсөтүлүп жатышы өзүнчө бир жагдай. Эл эмне үчүн бир мамлекеттик системаны экинчи мамлекеттик орган көзөмөлдөйт? Алар баары эле бир системада го деген суроолорду берип жатат. Баш мыйзамда жазылган ар бир жарандын жеке кат алышуусу, сүйлөшүүсү жашыруун болушу керек деген нормалар бузулган жокпу деген суроолор да жаралууда. Андан тышкары, коомчулукта эгер УКМКда көзөмөл, координация болсо, анда телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баары кандай абалда болот? Куугунтуктоо болбойбу? Алар ачыкка чыкпайбы деген суроолор ачык бойдон турат. Ошондуктан телефондорду каттоо уюмунун адистери, аны көзөмөлдөгөн УКМК кайсы укуктук-нормативдик документтердин негизинде бул ишке ашып жатканын элге түшүндүрүшү керек. Көзөмөлдүн атайын кызматка берилиши мамлекетке кандай пайда алып келерин да айтып бериш керек болуп жатат".
Телефондорду каттоо жараяны 2024-жылдын 25-июнунан тарта өлкө аймагына киргизилген бардык телефондорго тиешелүү экенин, ага чейин келген телефондор автоматтык түрдө “ак тизмеге” киргизилгенин телефондорду каттоо милдетин алган “Инмобайлс” жеке компаниясы “Азаттыкка” билдирген. Компания телефондорду каттатууга импортчулар жооптуу болорун да белгилеген.
2019-жылдан 2023-жылга чейин өлкөгө 23 млн 827,5 миң телефон аппараты кирген. Ал эми быйыл 4 айда 705 миң телефон алып келинген.
Шерине